КАРПЕНТАРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРПЕНТА́РИЯ – Арафура деңизиндеги булуң; Австралиянын түн. жээгинде, Кейп-Йорк ж-а Арнемленд ж. а-нын аралыгында кургактыкка 600 км кирип турат. Аянты 328 миң км2. Те­реңдиги 71 мге чейин. Булуңда Уэлсли ж-а Грут- Айленд а. бар. Суткада эки жолу ташкындайт (бийикт. 3,2 мге чейин). Суусунун туздуулугу 34,8‰. Жээктеринде өтө катуу ташкын-тарты­луу болуп турат.