КАРПЕНТАРИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРПЕНТА́РИЯ – Арафура деңизиндеги булуң; Австралиянын түндүк жээгинде, Кейп-Йорк ж-а Арнемленд жарым аралдарынын аралыгында кургактыкка 600 км кирип турат. Аянты 328 миң км2. Тереңдиги 71 мге чейин. Булуңда Уэлсли ж-а Грут- Айленд аралдары бар. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги 3,2 мге чейин). Суусунун туздуулугу 34,8‰. Жээктеринде өтө катуу ташкын-тартылуу болуп турат.