КАРКАСОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКАСО́Н , К а р к а с с о н н – Франциядагы шаар. Лангедок-Руссильон регионунда, Од де­партаментинин адм. борбору. Түш. каналынын ж-а Од д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 50 миң (2008). Болжол м-н б. з. ч. 1-к. римдиктер тарабынан негизделген. Б. з. 300-ж. ченде шаар айланта дубал м-н (эски бөлүгү 2 сыйра; 52 му­нарасы бар) курчалган. Бул дубалдардын алгач­кы көрүнүшү ушул күнгө чейин сакталгандык-

Шаардын эски бөлүгүнүн жалпы көрүнүшү.


тан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген. Роман-готика стилиндеги соборлор, чиркөөлөр, капелла, о. кылымга таандык оору­кана сакталган. Музейлер (а. и. асем иск-во, сүрөт) бар. Шарап ачытылат. Текстиль, бут ки­йим өндүрүшү иштейт.