КАРКАСОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРКАСО́Н , К а р к а с с о н н – Франциядагы шаар. Лангедок-Руссильон регионунда, Од департаментинин административдик борбору. Түштүк каналынын ж-а Од дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 46,4 миң (2022). Болжол м-н б. з. ч. 1-кылымда римдиктер тарабынан негизделген. Б. з. 300-жылдары ченде шаар айланта дубал м-н (эски бөлүгү 2 сыйра; 52 мунарасы бар) курчалган. Бул дубалдардын алгачкы көрүнүшү ушул күнгө чейин сакталгандык-

тан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Роман-готика стилиндеги соборлор,чиркөөлөр, капелла, орто кылымга таандык оорукана сакталган. Музейлер (анын ичинде асем искусство, сүрөт) бар. Шарап ачытылат. Текстиль, бут кийим өндүрүшү иштейт.