КАРЕЛ МОЙНОГУ
КАРЕ́Л МОЙНОГУ Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кургактыктын кууш тилкеси. Бийиктиги 50 мге чейин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, борбордук бөлүгү ж-а түштүгү мөңгүнүн шиленди тектеринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы кесип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу токой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдалануу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаарлары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск ж. б. курорттук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу ж-а ишмердиги м-н байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башталышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Россияга өткөн. 1918–40-жылдарда басымдуу бөлүгү Финляндияга караган. 1940-жылдан Россия Федерациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа ж-а суу туризми өнүккөн.