КАРЕЛ МОЙНОГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕ́Л МОЙНОГУ Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кур­гактыктын кууш тилкеси. Бийиктиги 50 мге че­йин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, борбордук бөлүгү ж-а түштүгү мөңгүнүн шиленди текте­ринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда бол­гон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы ке­сип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу то­кой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдала­нуу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаарлары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск ж. б. курорт­тук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу ж-а ишмердиги м-н байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башта­лышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Рос­сияга өткөн. 1918–40-жылдарда басымдуу бөлүгү Фин­ляндияга караган. 1940-жылдан Россия Феде­рациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа ж-а суу туризми өнүккөн.