КАРДИНАЛ
КАРДИНА́Л (лат. саrdinalis – башкы) – католик чиркөөсүндөгү Рим папасынан кийинки диний даража, ушул даражага ээ дин кызматкери, папанын жакын кеңешчиси ж-а чиркөөнү башкаруу б-ча жардамчысы. К-ды рим папасы дайындайт, ал эми папаны кардиналдар коллегиясы шайлайт (1179-ж. Латерандык собордун токтому). 1586-ж. Рим папасы Сикст Vнин учурунда К-дын саны 70 болсо, папа Иоанн ХXIII ж-а Павел VIнын убагында 131ге жетип, епископтор гана К-дыкка шайланган. Курамына Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кирген. Римде жашаган К. Ватикандын борб. органдары – конгрегация, трибуна ж. б-ды башкарган. К-дар К.-епископтор, К.-пресвитерлер, К.- дьякондор болуп бөлүнөт. Павел VIнын чечими (1970) м-н 75ке чыккан К. пенсияга чыгат, ал эми 80 жаштан коллегиянын мүчөсү боло берет, бирок рим куриясынын курамына кирүү ж-а жаңы папаны шайлоо укугу жоюлат.