КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нунда, Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңг. 2700– 2900 м бийикте. Булак жерг. элге илгертен белгилүү. 1953-ж. геол. маалымат берилген. Аймакты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пайда кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түн. канатындагы тектон. жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темп-расы 8–9°С. Курамы б-ча гидрокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.