КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ
КАРБЮРАТОРЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ – ичинен күйүүчү кыймылдаткыч. Мында цилиндрде күйүүчү аралашма карбюратордо даярдалат ж-а күйүү камерасында учкун чачыратып от алдыргычтын жардамы м-н жалындап күйөт. Мындай кыймылдаткычтарда жеңил отундун түрлөрү (бензин, спирт, лигроин, керосин) колдонулат ж-а алар корбюратордо жеңил бууланып, аба аралашкан күйүүчү затты түзөт. К. к. отундун жеңил күйүшү ж-а күйүү басымынын төмөндүгү м-н башка кыймылдаткычтан айырмаланып турат. К. к-тын салыштырма салмагы жеңил автомобилдерде, мотоциклдерде, бир катар суу ж-а авиация. транспортторунда колдонулат.