КАРА-ЧОЛОК
КАРА-ЧОЛОК , Л ю б л и н к о – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Курманбек атн. айыл округуна караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңг. 1290 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 48 км түн.-чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 30 км. Калкы 1935 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, оорукана, мончо бар. Төрт тегирмен, майжуаз цехтери, мал базар, соода түйүндөрү иштейт.