КАРА-ТОО (Кочкор районундагы кыштак)
КАРА-ТОО – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Семиз-Бел айыл округуна караштуу. Кара-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1834 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 3,5 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 1808 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт ж-а мад-т үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж-а соода жайлары иштейт.