КАРА-ТЕКТИР
КАРА-ТЕКТИР , К о м с о м о л – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Жаңы- Жол айыл округуна караштуу. Шамшыкал тоосунун батышында, деңиз деңг. 950 м бийикте
жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 5 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 175 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 3469 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.