КАРА-ТЕКТИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕКТИР , К о м с о м о л – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы- Жол айыл округуна караштуу. Шамшыкал тоо­сунун батышында, деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаар­часынан 5 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 175 км. Кыштак 1927-жылы негиздел­ген. Калкы 3312 (2022); негизинен мал м-н алек­тенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.