КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ Ош обл-нун Сузак р-нунда, Маркай кыш-нан 1,5 км чыгыш тарап­та, Фергана тоо тизмегинин батыш тармагы Сүрөөн-Төбө бөксө тоосунун түш. капталында жайгашкан. 1953-ж. табылган. Кен аймагын ме­зозой заманындагы чөкмө тектер түзөт. Кум кат­мары бор мезгилиндеги чөкмө тектердин ара­сында жатат. Калыңдыгы 19–25 м, уз. бир нече кмге созулат. Кум начар камдашкан, негизинен кварц, кремний, кээде талаа шпаты ж-а чөкмө тектердин сыныктарынан турат. Кумда 0,15тен 0,6 ммге чейинки фракция басымдуу. 20 ммге чейинки шагылдар аз санда кездешет. С. салм. 2,52–2,57. Запасы 465,7 миң м3. Кумду чопо м-н чаңдан арылтып, жууп, кум шыбакка пайда­ланса болот.