КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 20 км чыгыш та­рапта, Талдык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310–1400 м бийикте. 1967–69-жылдарда Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Кен аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, андагы кум-шагыл катмары 3,5 кмге созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланып, жылмаланган. Кенде ири койташтар 3,7%, шагыл 73,4%, кум 22,9%. Кумдун арасында 12– 13%ке чейин чаң м-н чопо бар. Кендин запасы 7823 миң м3. Кумду жууп, чоподон арылткан­дан кийин бетонго кошсо болот. Шагылды Ош шаарындагы курулуш мекемелери пайдаланууда.