КАРА-СУУ (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ (Үч-Булак, Алкым, Кара-Ой) – На­рын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Ак-Кыя айыл округуна караштуу. Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1855 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 7 км чыгыш тарапта. Балык­чы т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1938-ж. не­гизделген. Калкы 2563 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.