КАРА-СУУ (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ (Үч-Булак, Алкым, Кара-Ой) – На­рын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Ак-Кыя айыл округуна караштуу. Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1855 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 65 км. Кыштак 1938-жылы не­гизделген. Калкы 3171 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.