КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ
КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ Нарын д-нын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Ак-Шыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Жети-Өгүз р-нунун аймагында жайгашкан. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийикт. 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (уз. 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аян-

ты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн башында Түн. Кара-Сай (аянты 46,5 км2, уз. 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түш. Кара-Сай (аянты 17,2 км2, уз. 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Кара-Сай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шалбаалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, каз таман, ак сокто, бетеге жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, доңуз сырты ж. б.) бийик тоолуу ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нунун малы багылат. Автомобиль жолу аркылуу Ысык-Көл ойдуңу м-н байланышат. Барскон – Ак-Шыйрак электр зымы өтөт.