КАРА-ОЙ (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ – Чүй р-нундагы кыштак. С. Ибраи­мов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Токмок ш-нан 23 км түш. та­рапта. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 1025 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. ФАП иштейт.