КАРА-ОЙ (Ак-Талаа районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ – Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нунда­гы кыштак. Тоголок Молдо атн. айыл окру­гуна караштуу. Нарын д-нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1900 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Баетов кыш-нан 57 км түн.-чы­гыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 282 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 2793 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры С. Конгайтиев туулган.