КАРА-МАРТ (Сузак районундагы кыштак)
КАРА-МАРТ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1280 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 39 км түн.- чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 37 км. Калкы 3228 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Эки орто ж-а негизги мектеп, китепкана, мад-т үйү, бала бакча, оорукана, бейтапкана ж. б. бар. Кыштактын аты «март өсүмдүгү көп» деген маанини билдирет.