КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК
КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК – сыйышуучулук, карама-каршылыктын жоктугу – ырастоонун, ой жүгүртүүнүн жыйындысынын (теория) логикалык тактыгынын (тууралыгынын) критерийи. Эсептөөдөгү К.-к. аны түшүндүрүүнүн логикалык мүмкүндүгүн билдирет ж-а ишке ашыруунун зарыл шарты болуп саналат. К.-к. – колдонууга жарактуу ил. теорияга ж-а анын жоболоруна коюлуучу башкы талап.