КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ
КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ Курама кырка тоосунун батыш капталынан орун ал-
ган. Сыр-Дарыя м-н Ангрен сууларынын өрөөнүндө (Өзбекстан, Кырг-н, Тажикстандын аймагында) кездешкен ири полиметалл кени. Аянты 8 миң км2. Силур, пермь ж-а булардан кийинки мезгилдерде пайда болгон чөкмө тектер, жанар тоо чөкмөлөрү, каледондогу гранит интрузиялары жолугат. Булар герцин бүктөлүү циклине дуушар болуп, өзгөрүүлөргө учураган. Мында коргошун м-н цинктин 20дан ашык кени бар, о. эле жез, висмут, темир, флюорит кендери да кездешет. Ири кендерге Алмалык, Калмакыр, Калкан-Ата (түн. тарабында), Текели, Алтын-Тапкан, Кан-Сай (батышында), Канимансур, Лашкерек (чыгыш жагында) ж. б. кирет. Алардын айрымдары б. з. 1-к-нда эле казылып алынганы белгилүү. Кенташта коргошун, цинк, жез, алтын, вольфрам, молибден металлдары кездешет. Коргошун м-н цинк кендери скарн түрүндө (Алтын-Тапкан, Кан-Сай, Чал-Ата, Таш-Булак), жанартоо чөкмөлөрүнүн өзгөрүүгө учураган зоналарында (Канимансур, Чукур- Жылга, Замбарак, Лашкерек), о. эле гранит интрузиясы (Гудас, Умбетти) м-н карбонаттарда жолугат. Жез м-н коргошун гидротерм процессинен өзгөрүлгөн интрузиялардан (Алмалык, Калмакыр), висмут кенташы магнетиттүү скарндардан (Чокадамбулак), флюорит магмалык тектердеги тектон. жаракалардан (Наугарзан, Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен герцин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Айрым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иштейт.
Ад.: Абдуллаев Х. М. и др. Основные черты магматизма и металлогении Чаткало-Кураминских гор. Таш., 1958.
З. Бейшеев.