КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ Курама кырка тоосунун батыш капталынан орун алган. Сыр-Дарыя м-н Ангрен сууларынын өрөө­нүндө (Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын ай­магында) кездешкен ири полиметалл кени. Аян­ты 8 миң км2. Силур, пермь ж-а булардан ки­йинки мезгилдерде пайда болгон чөкмө тектер, жанар тоо чөкмөлөрү, каледондогу гранит инт­рузиялары жолугат. Булар герцин бүктөлүү цик­лине дуушар болуп, өзгөрүүлөргө учураган. Мында коргошун м-н цинктин 20дан ашык кени бар, ошондой эле жез, висмут, темир, флюорит кенде­ри да кездешет. Ири кендерге Алмалык, Калма­кыр, Калкан-Ата (түндүк тарабында), Текели, Ал­тын-Тапкан, Кан-Сай (батышында), Каниман­сур, Лашкерек (чыгыш жагында) ж. б. кирет. Алардын айрымдары б. з. 1-кылымында эле казылып алынганы белгилүү. Кенташта коргошун, цинк, жез, алтын, вольфрам, молибден металлдары кездешет. Коргошун м-н цинк кендери скарн түрүндө (Алтын-Тапкан, Кан-Сай, Чал-Ата, Таш-Булак), жанартоо чөкмөлөрүнүн өзгөрүүгө учураган зоналарында (Канимансур, Чукур- Жылга, Замбарак, Лашкерек), ошондой эле гранит интрузиясы (Гудас, Умбетти) м-н карбонаттар­да жолугат. Жез м-н коргошун гидротерм про­цессинен өзгөрүлгөн интрузиялардан (Алмалык, Калмакыр), висмут кенташы магнетиттүү скар­ндардан (Чокадамбулак), флюорит магмалык тектердеги тектоникалык жаракалардан (Наугарзан, Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен гер­цин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Ай­рым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иш­тейт.


Ад.: Абдуллаев Х. М. и др. Основные черты магма­тизма и металлогении Чаткало-Кураминских гор. Таш., 1958.

З. Бейшеев.