КАРА-КҮНГӨЙ (Кочкор районундагы кыштак)
КАРА-КҮНГӨЙ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. Кара-Күнгөй суусунун боюнда, деңиз деңг. 2095 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 18 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 78 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1430 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, амбулатория бар.