КАРА-КҮНГӨЙ (Кочкор районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КҮНГӨЙ – Нарын облусунун Кочкор районун­дагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караш­туу. Кара-Күнгөй суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2095 м бийикте жайгашкан. Райондун борбо­ру Кочкор кыштагынан 18 км түштүк-чыгыш тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 78 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1948 (2022); неги­зинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, клуб, ФАП, амбулатория бар.