КАРА-КУЖУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЖУР – Кочкор р-нундагы суу, Сары- Булак кыш-нан төмөнкү бөлүгү Жоон-Арык деп аталат. Уз. 84 км, алабынын аянты 1240 км2. Тескей Ала-Тоонун түш. капталынан башталып, батышка карай тектирлүү тектон. өрөөн аркы­луу агат; Төлөк суусу м-н кошулуп, Жоон-Арык суусун түзөт да, түндүккө карай бурулат. Негиз­ги куймалары: Сөөк-Төр, Кашка-Суу, Коңур- Өлөң, Ак-Таш ж. б. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 болгон 2 көл бар. Жылдык орт. чыгы­мы 8,46 м3/сек, эң көбү 29 м3/сек (14. 4. 1934), эң азы 1,80 м3/сек. Апрель айында кирип, сен­тябрда тартылат. Жээгинде Сары-Булак, Ак- Кыя ж. б. кыш. жайгашкан.