КАРА-КУЖУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЖУР – Кочкор районундагы суу, Сары-Булак кыштагынан төмөнкү бөлүгү Жоон-Арык деп аталат. Узундугу 84 км, алабынын аянты 1240 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталынан башталып, батышка карай тектирлүү тектоникалык өрөөн аркы­луу агат; Төлөк суусу м-н кошулуп, Жоон-Арык суусун түзөт да, түндүккө карай бурулат. Негиз­ги куймалары: Сөөк-Төр, Кашка-Суу, Коңур-Өлөң, Ак-Таш ж. б. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 болгон 2 көл бар. Жылдык орточо чыгы­мы 8,46 м3/сек, эң көбү 29 м3/сек (14. 4. 1934), эң азы 1,80 м3/сек. Апрель айында кирип, сен­тябрда тартылат. Жээгинде Сары-Булак, Ак- Кыя ж. б. кыштактар жайгашкан.