КАРА-КОЧКОР
КАРА-КОЧКОР – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кочкор айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1290 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 8 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 80 км. Калкы 4292 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.