КАРА-КОЧКОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОЧКОР – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кочкор айыл округу­на караштуу. Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1290 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 8 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 80 км. Кал­кы 4292 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.