КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ак- Суу районунун аймагында. 1997-жылы Каракол капчыгайынын ажайып табиятын коргоо мак­сатында уюшулган. Аянты 38256 га. Негизги максаты: Түндүк-Чыгыш Кыргызстанга мүнөздүү бол­гон өсүмдүктөр м-н жаныбарлар дүйнөсүн кор­гоо, табигый сакталышына ж-а калыбына ке­лишине, ошондой эле ал жерде калктын ж-а чет эл­дик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү.
Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, анын ичинде 80 дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки ж. б., мын­дан сырткары Кыргызстандын Кызыл китебине кир­ген илбирс, кумай, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты ту­ристтерди ж-а эс алуучуларды өзүнө тартат.