КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ
КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ак- Суу районунун аймагында. 1997-жылы Каракол капчыгайынын ажайып табиятын коргоо максатында уюшулган. Аянты 38256 га. Негизги максаты: Түндүк-Чыгыш Кыргызстанга мүнөздүү болгон өсүмдүктөр м-н жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, табигый сакталышына ж-а калыбына келишине, ошондой эле ал жерде калктын ж-а чет элдик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү.
Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, анын ичинде 80 дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки ж. б., мындан сырткары Кыргызстандын Кызыл китебине кирген илбирс, кумай, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты туристтерди ж-а эс алуучуларды өзүнө тартат.