КАРАКОЛ (Талас дарыясынын оң куймасы)
КАРАКОЛ – Талас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 100 км, алабынын аянты 1160 км2. Кыргыз ж-а Талас Ала- Тоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жар-Таш, Кум-Бел, Талды-Булак, ошондой эле ондогон майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Жылдык орточо чыгымы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрө- Базар, Арал, Чат-Базар кыштактары орун алган.