КАРАКОЛ (Талас дарыясынын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Талас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 100 км, ала­бынын аянты 1160 км2. Кыргыз ж-а Талас Ала- Тоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жар-Таш, Кум-Бел, Талды-Бу­лак, ошондой эле ондогон майда куймалары, алабын­да бир нече майда көл бар. Жылдык орточо чыгы­мы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябр­да тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрө- Базар, Арал, Чат-Базар кыштактары орун алган.