КАРА-КЕЧЕ
КАРА-КЕЧЕ – Жумгал суусунун сол куймасы.
Уз. 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо- Тоонун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат да, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңийт. Чатында салааларга бөлүнүп, саздуу. Жылдык орт. чыгым 1,1–
1,5 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, азы декабрь–
январда байкалат. Май айында кирип, сентябрда тартылат.