КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–5-к-дагы көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Ток­тогул р-ндагы Кызыл-Туу айылынын жанында жайгашкан. 10дон ашуун дөбө-мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге ка­далуучу алтын каңылтырлар ж. б. табылган.
Мүрзөлөрдүн бийикт. 4–6 м, диаметри 35–45 мге жеткен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жум­шалган.