КАРАКАЛПАК ТАЛААСЫ
КАРАКАЛПАК ТАЛААСЫ , Ж а з ы ж а в а г л т а л а а с ы Фергана ойдуңунун борбордук бөлүгү. Анжиян облусунун аймагында. Кумай, чопо, кум, жумуру таш тектеринен түзүлүп, жеринин бетин шорлуу ж-а саздуу жерлер ээлейт; такырлар ж-а кум дөбөлөрү кездешет. Баялыш, сарсазан, ажырык (шор жерлерде), шыбак, эфемерлер, терек, балгын (кумдуу жерлерде) өсөт. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.