КАРАКАЛПАК ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАЛПАК ТАЛААСЫ , Ж а з ы ж а в а г л т а л а а с ы Фергана ойдуңунун борбордук бөлүгү. Анжиян облусунун аймагында. Кумай, чопо, кум, жумуру таш тектеринен түзүлүп, жеринин бе­тин шорлуу ж-а саздуу жерлер ээлейт; такыр­лар ж-а кум дөбөлөрү кездешет. Баялыш, сар­сазан, ажырык (шор жерлерде), шыбак, эфемер­лер, терек, балгын (кумдуу жерлерде) өсөт. Не­гизинен жайыт катары пайдаланылат.