КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ
КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Талас р-нунда, Кара-Жылга тоосунда, Кеңкол суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 1850–2200 м бийикте. 1957–61-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен рифейдеги кара-жылга гранит ж-а гнейс–гранит интрузия эндоконтагынын түн.-чыгыш бөлүгүнө туура келет. Кенташ тулкулары граниттин катаклаздалган, гнейстелген зоналарына туташып, түн.-батышка созулган жаракалар м-н байланышкан. Негизги минералдары: ферриторит, торит, ортит, монацит, ильменорутил. Кенташтагы сейрек учуроочу металл кычкылынын орт. өлчөмү 0,1–0,7%. Сейрек учуроочу металлдардын болжолдуу запасы 16700 т.