КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ
КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – б. з. ч. 4– 1-к-га таандык археол. эстелик. Өзгөн ш-нан 15 км түш.-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар ж-а Кара-Кулжа сууларынын кошулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң м-н курчалып, чарчы үлгүдө, аянты 10 гадай. Дубалдын уз. 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийикт. 10 м. Археол. изилдөөлөрдө Шоро-Башат мад-тына мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-к.) оймо-чиймелер м-н кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин баштары, темир шакекчелер табылган. 1958–59-ж. археологдор Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.