КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ДАРЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – биздин заманга чейинки IV–I кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Өзгөн шаарынан 15 км түштүк-чыгышта, Кара-Дарыя суусунун оң тарабында, Тар жана Кара-Кулжа сууларынын кошулган жеринде, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң менен курчалып, чарчы үлгүдө, аянты 10 гадай. Дубалдын узундугу 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, дубалынын бийиктиги 10 м. Археологиялык изилдөөлөрдө Шоро-Башат маданиятына мүнөздүү (биздин заманга чейинки IV–I кылымдар) оймо-чиймелер менен кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин баштары, темир шакекчелер табылган. 1958–1959-жылдары археологдор Ю. А. Заднепровский жана Д. Ф. Винник казып, изилдешкен.