КАДЫРКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс [15. 9. 1917-жылы туулган, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Аскалы (азыркы Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо р-ну, Казарман) кыш. – 1984, Казарман кыштагы] – Даңк ордени­нин толук ээси.

1941-жыл­дын декабрынан Улуу Ата Мекендик согуш майданын­да болгон. Днепр, Түштүк Буг, Тисса, Дунай, Грон, Мора­ва, Дыйе дарыларынан биринчилер­ден болуп өткөн. Түштүк Буг дарысынан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1944-жылы мартта 3-даражада­гы Даңк орденин, 3000 ми­на коюп, душмандын 2500 минасын зыянсыздандырга­ны үчүн 1944-жылы сентябрда 2-даражадагы Даңк орденине, Ипель дарыясынан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1945-жылы 28-апрелде 1-даражадагы Даңк ордени­не татыктуу болгон. 1946–84-жылдарда Ленин атындагы кол­хоздо колхозчу болуп иштеген. Кызыл Жыл­дыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Айке­ли Казарман айылынын «Баатырлар аллеясы­на» коюлуп, Казармандын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.