КАДЫРКУЛОВ
КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс (айрым маалыматтарда Идирис) [02. 05. 1917, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Кош-Булак (азыркы Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман) айлы. – 1984, Казарман кыштагы] – Даңк орденинин толук ээси.

Орто мектепти аяктагандан кийин айлында иштеп, Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы декабрь айында чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 7-гвардиялык армияга караштуу 53-аткычтар дивизиясынын айрым 103-сапёрлор батальонунда катардагы сапёр болуп, Түштүк-Батыш, Талаа жана 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 13. 03. 1944-жылы Кировоград (азыркы Кропивницкий) шаарына жакын тынымсыз аткылоолорго карабай кенже сержант Ы. Кадыркулов жалгыз өзү 138 минаны зыянсыздандырып, ошол эле учурда жанындагы эки жолдошу менен бирге пулемётуна кошуп душмандын «тилин» туткунга алышкан. Бул эрдиги үчүн ага 31. 03. 1944-жылы 3-даражадагы Даңк ордени (№ 53280) ыйгарылган. 1944-жылы август айларында Румыниянын Тыргу-Муреш шаарына жакын танкалар өтчү жолду миналардан тазалап, мындан тышкары душмандын беш «тилин» кармап, штабка жеткиргени үчүн 17. 10. 1944-жылы 2-даражадагы Даңк орденине (№6968), ал эми 10. 12. 1944-жылы Венгриядагы Ипель (Ипет) дарыясынан өтүүдө жамгырдай жааган душмандын огуна карабай жээкти миналардан тазалоодо көрсөткөн эрдиги үчүн 28. 04. 1945-жылы 1-даражадагы Даңк орденине (№127) татыктуу болгон. Согуш аяктагандан кийин Кушка (Түркмөнстан) шаарында кызмат өтөп, 1947-жылы демобилизацияланган. Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, мектептерде иштеген. Кызыл Жылдыз ордени ж.б. медалдар менен сыйланган. Айкели Казарман айылынын «Баатырлар аллеясына» коюлуп, бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.