КАҢДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАҢДОО – темир буюмду данакерлөө; жыртыл­ган жерин бүтөө; каңдалуучу жерди ысытып жана бириктирилүүчү тетиктердин ортосундагы жикти эриген данакер менен толтуруу жана аны ка­тыруу жолу менен ажырагыс кылып бириктирүү (к. Данакер). Үй шартында жука темирден (каңыл­тырдан) жасалган идиш (самоор ) жана башка буюмдардын (оймок, шакек, калак жана башкалар) ко­шунду жерлерин, жыртык-тешик­терин калай менен бириктирет же бүтөйт.

Көбүнчө болот жана жез куймаларынан (коло, латунь) жасалган буюм­дар каңдалат.