КАҢДОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАҢДОО – темир буюмду данакерлөө; жыртылган жерин бүтөө; каңдалуучу жерди ысытып жана бириктирилүүчү тетиктердин ортосундагы жикти эриген данакер менен толтуруу жана аны катыруу жолу менен ажырагыс кылып бириктирүү (к. Данакер). Үй шартында жука темирден (каңылтырдан) жасалган идиш (самоор ) жана башка буюмдардын (оймок, шакек, калак жана башкалар) кошунду жерлерин, жыртык-тешиктерин калай менен бириктирет же бүтөйт.

Көбүнчө болот жана жез куймаларынан (коло, латунь) жасалган буюмдар каңдалат.