КАРАБОТО БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБОТО БИЙ - кытай уруусунун XVIII кылымдагы
бийи. Кытай жазма даректери боюнча Маматкул
бийдин жардамчысы жана кыргыздарды XVIII кылымдын
2-жарымында Кетмен-Тѳбѳдѳн Талас, Чүй ѳрѳѳнүнѳ кѳчүрүүгѳ (к. Кыргыздардын Чуйгѳ келиши)
демилге кѳтѳргѳндѳрдүн бири. 1758-жылы Таласка
кѳчүп келген кытай уруусун бийлеп, 1200 түтүнү
менен Ак-Дѳбѳдѳ турган. Орус архив маалымат­тары боюнча 1764-жылы кышында Түркстан аймагын­дагы Каработо бийдин айылына Орто жүз казактары­нын султаны Абылпейиз кол салса, 1766-жылы
Абылай султан колунан катуу жабыр кѳрүп, бир
баласын жана 9 (7) түтүндү казактарга аманат
берүүгѳ аргасыз болгон. Санжыраларда Мамат­кул бий менен бугулардын (Тогузбайдын) айылын
айыпка жыгып, олжого бир кыз алганы жана
андан Асан, Үсѳн аттуу эгиз балалуу болгону
жөнүндѳ баяндар бар.

Ад.: Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков
(Сб. документов и материалов). А., 1961; Материалы
по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003.