КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛАК АГАТ КЕНИ Баткен облусунун
Лейлек районунда, Кара-Булак кыштагынан 4 км ара­лыкта жайгашкан. 1992-жылы геологиялык карта түзүүдѳ
табылган. Жанартоо тектеринин кесек бѳлүк­чѳлѳру кальцит минералы менен цементтелген.
Халцедон линза түрүндѳгү туура эмес түспѳл­дѳгү кѳңдѳйчѳлѳрдү толтуруп, кѳлѳмү 3x5 смден
5x10 смге жетет. Анын жалпы санынын 3-5%ин
агат ядросу түзѳт. Агат кооз буюмдарды жасоо­го жарамдуу. Запасы эсептелген эмес.