КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ
КАРА-БУЛУҢ АРАШАН СУУСУ – Ысык-Көл обл-нын Жети-Өгүз р-нунда, Кызыл-Суу кыш-нан 15 км түн.-батышта, Кара-Булуң ж. а-нда жайгашкан. 1975–81-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Ысык суу неоген мезгилинин Чүй свитасындагы катмарлар м-н байланыштуу. Бургулоо көзөнөгү аркылуу 1770–1960 м тереңдиктен агып чыгат. Суунун жер үстүнөн болгон статикалык деңгээли 12–30 м бийикке жетет. Бургулоо көзөнөктөрүнүн дебити 5–21 л/сек, суунун темп-расы 39–50°С. Суу аз минералдашкан (0,4–1,20 г/л) ж-а начар жегичтүү (рН 8,1–8,7). Хим. курамы б-ча гидрокарбонат-хлорлуу, хлоргидрокарбонаттуу, хлорлуу, натрийлүү. Сууга түшүү жолу м-н ооруларды дарылоого жарамдуу. Запасы А категориясы б-ча 3154 м3/сут.