КАРАБУК
КАРАБУК , Ийри-Суу - Нарын дарыясынын сол куймасы. Ак-Талаа районунун аймагы м-н агат. Узундугу 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнок- Жар тоосунун түндүк капталынан Миң-Булак деген ат м-н башталып, капчыгайлуу ѳрѳѳн м-н түндүк-чыгышты карай агат. Ийри-Суу м-н кошулгандан кийин Байбиче тоосун кесип ѳтүп, Нарынга сол жактан куят. Эң кѳп чыгымы июнь-июлда, азы ноябрь-декабрда байкалат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймасы - Сары-Коо. Жылдык орточо чыгымы 0,7-1,3 м3/сек. Ѳрѳѳнүндѳ Жаңы-Тилек кыштагы жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.