КАРА-БИЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БИЙ СУРЬМА́ КЕНЧЕСИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кара-Бий кырка тоосунун түндүк капталында, Кара-Жантак кыш-нан 7 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийикте. 1961–92-жылдарда мезгил-мезгили м-н кен издөө иш­тери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур ж-а кар­бон мезгилдеринин карбонат-терриген комплек­стеринен түзүлгөн. Кен гидротерм таасирине дуу­шарланып, брекчияланган ж-а кеңдик багытта созулуп жаткан роговик-жаспероид зонасына топтолгон. Негизги минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын орточо өлчөмү 2,38%. Кен­таштын болжолдуу ресурсу 29,9 миң т; сурьма­ныкы – 711 т.